Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгында “Калааны жашылдандыруу” темасында пресс-конференция өткөрүлдү.
“Жашылдандыруу” МИ башчысы Анвар Атантаев жана “Жашылдандыруу” МИнын шаардык суу чарба бөлүмүнүн башчысы Жумабек уулу Радик журналистердин суроолоруна жооп берди.
Өткөн жылдын жыйынтыгы жана шаарды көрктөндүрүүдө алдыдагы пландар айтылып, журналисттер тарабынан жашылдандыруу мезгилинде көчөттөрдү жана гүлдөрдү отургузуу боюнча суроолор берилди.
“Бул жылы 1,1 млн бир жылдык гүлдөрдү, миңден ашык жалбырактуу бактарды, 500дөй ийне жалбырактуу дарактарды, ошондой эле, 142 бадал жана 19 миң бирдик жандуу тосмолорду отургузууну пландап жатабыз”,-деди Анвар Атантаев.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |