Бүгүн, Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборуна күн панелдерин орнотуу келишимине кол коюлду.
Панелдерди апрель айында алып келип, үстүбуздөгү жылдын май айында ишке киргизилет.
Келишимге калаа мэри Кубанычбек Кулматов менен «RIDGmbH» компаниясынын коммерциялык директору Вальдемар Редердин колу коюлду.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар мэри Кубанычбек Кулматов техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.
«Күн нуру жана ушундай табигый ресурстарыбыз болуп турганда, биз аларды толук колдонушубуз керек»- деп белгиледи мэр.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун директору Алексей Петрушевский жана «RIDGmbH» компаниясынын Бишкек шаарындагы өкүлү Уланбек Джураев катышты.
Эске салсак, 2015-жылдын январь айында «RIDGmbH» компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында күн панелдерин бекер жеткирүү жана орнотуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |