«Нооруз» элдик майрамын майдоонун алкагында Биринчи май районунда элдик жүрүштөр, майрамдык концерт, улуттук тамак-аштарды даярдоо, улуттук жана спорттук оюндардын түрлөрү көрсөтүлөт.
Райондун мектептеринде «Нооруз» темасында дилбаяндар жана сүрөт тартуу боюнча конкурстар уюштурулуп, өткөрүлөт.
«Көлмө» жана «Алтын-Бешик» конуштарына конуш тургундары арасында кичифутбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештер өткөрүлөт. «Ак-Босого», «Калыс-Ордо» жана «Мурас-Ордо» конуштарында спорттук иш-чаралар жана майрамдык концерт тартууланат.
Панфилов атындагы сейил бакта аттракциондор ачылып, райондун балдар чыгармачылык борбору тарабынан майрамдык концерт уюштурулат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |