24 kg маалымат агенттиги 2013-жылдын 27-декабрында жарыялаган маалымат боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти төмөнкүлөрдү билдирет.
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелери жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Саламаттык сактоо мекемелеринин баардык кызматкерлерине айлык акы төлөө өтүп жаткан ай аяктаган соң жүргүзүлөт, тактап айтканда, ноябрь айы аяктаган соң кызматкерлер өткөн ай үчүн декабрь айында эмгек акысын алышат, декабрь айынын айлыгын январь айында алышат. Ай сайын эмгек акыны төлөө өз убактысында, ар бир айдын башында жүргүзүлүп турат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |