Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри жана шаардык Кеңештин депутаттарынын катышуусунда реконструкциялоодон кийин “Ботаникалык бак” жылуулук казаны ачылды.
Аталган жылуулук казаны мындан 25 жыл мурда пайдаланууга берилген. Жылуулук казанын реконструкциялап, мазуттан жаратылыш газына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 млн. сом бөлүнгөн, анын 5 млн. сому “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жеке каражаты болуп эсептелет. Реконструкциялоо иштеринин алкагында италиялык өндүрүштөгү газмазуттук агрегаттардын 2 бирдиги орнотулду. Алардын жалпы кубаттуулугу саатына 7,8 гигаколорийди түзөт.
Адистердин билдирүүсүнө караганда, жылуулук энергиясын иштеп чыгуудагы үнөмдөөлөр 3,8 млн сомду түзөт, ал эми отунга сарпталчы каражаттар 3,3 млн. сомго кыскарат.
Жылуулук казанынын пайдалануучуларынын катарына 1575 батир, 2 жатакана, №17-ҮМБ, №61-мектеп-лицейи, Биринчи май райондук ИИБ жана дагы башка 25 пайдалануучулар кирет.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |