Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” ансамбли “Хоттабыч абышканын жана анын досторунун жаңы жылдык жоруктары” аттуу кайрымдуулук спектаклин даярдады. Спетакль балетмейстер, режиссер Канат Фаткулиндин жетекчилиги менен даярдалды.
Спектакль 26-27-декабрда саат 13-00до мурдагы Ленин заводунун маданият үйүндө коюлат (Чуйков көчөсү, 138).
Иш-чарага шаар мектептеринин окуучулары, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды (Краснореченка көмөкчү мектеп-интернатынан, Военно-Антоновка балдар үйүнөн, “Үмүт-Надежда” калыптандыруу борборунан ж.б.).
Ошондой эле иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын, музыкалык мектептердин өкүлдөрү жана башка коноктор катышмакчы.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |