Маалымат жыйынына Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары Н.Щербакова, Н.Айсаев Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы Л.Кучкачева жана Турак жай тиричилик чарбасынын өкүлдөрү Д.Акиев, У.Жакыпбеков катышты.
Маалымат жыйынынын катышуучулары көп батирлүү турак үйлөрдө башкаруунун жолдорун аныктап ала элек тургундарга, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган Турак жай кодексине ылайык жалпы мүлктү башкаруунун жолдорун тандап алуу жөнүндө маалымат беришти.
Турак жай кодексинин 31-беренесине ылайык көп батирлүү турак үйлөрдө жалпы мүлктү башкаруу беш жол менен ишке ашырылат:
1. Көп батирлүү турак үй төрт батирден ашык эмес батирлерден турса, турак жай ээлери тарабынан;
2. Келишимдин негизинде башкаруу уюму (юридикалык жак) же башкаруучу (жеке ишкер статусуна ээ болгон жеке жак) тарабынан;
3. Турак жай ээлеринин шериктештиги тарабынан;
4. Аталган кодекс тарабынан бекитилген адистештирилген мамлекеттик же муниципалдык мекеме тарабынан ишке ашырыл
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |