Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгына караштуу И.Раззаковдун мемориалдык үй музейи жана “Кеменгер” студенттик клубу биргеликте И.Раззаковдун өмүр жолуна, ишмердигине арналган конференция өткөрүштү.
Конференция: «Эл баккан миң уулдун бири болгончо, элди бакан миң уулдун бири бол» деген аталышта Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде өттү.
Конференциянын ишине И.Раззаковдун замандаштары, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.Раззаковдун өмүр жолу, ишмердигин баяндаган тасма көрсөтүлдү жана “Кеменгер” студенттик клубунун мүчөлөрүнүн докладдары, баяндамалары угулду. Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү жолдору каралды жана жаштарды эмгекти, чындыкты сүйүүгө, толеранттуулукка, патриоттуулукка үндөөлөр айтылды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |