Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти, Akipress маалымат агенттигинин “Мен – репортермун” рубрикасында 2013-жылдын 2-декабрында жарыяланган Шаардын Осипенко көчөсү, 53 дарегинде жүргүзүлүп жаткан курулуштун мыйзамдуулугу боюнча мурда да маалымат берген.
Анда курулуштун ээсине “Жеке турак-жай куруудагы мыйзамсыздыктарды 2013-жылдын 13-декабрына чейин жоюу жана курулушту убактылуу токтотуу жөнүндө” 2013-жылдын 9-декабрындагы №002077- жазуу жүзүндө эскертүү берилген. Ага карабастан курулуш ээси курулуш иштерин улантууда.
Аталган факт боюнча Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан 2013-жылдын 16-декабрында №170/13 РП сериясында протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 454-беренесине ылайык курулуш ээсине чара колдонуу үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |