Жаңы жылга карата майрамдык иш-чаралар райондун баардык мектептеринде жана балдар бакчаларында өткөрүлөт.
Ал эми 27-декабрда №31-мектеп-гимназиясы “Таберик” чыгармачыл жамааты менен биргеликте Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында чоң программадагы майрамдык кече өткөрмөкчү.
20-декабрда Ленин райондук администрациясы тарабынан балдардын республикалык “Сейтек” борборунда жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүү белгиленүүдө. Иш-чарага 1200 бала катышат, алардын ичинен 200 бала райондун адистештирилген билим берүү мекемелери жана калыптандыруу борборлорунан. Жаңы жылдык кечеде балдарга майрамдык белектер тапшырылат. Ал эми 990 балага райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан белектер берилмекчи. Ошону менен бирге райондун төрт балдар мекемелерине материалдык жардамдардын көрсөтүлүшү белгиленүүдө. Алар:
- “Үмүт – Надежда” калыптандыруу борбору;
- Өспүрүмдөрдүү адаптациядан өткөрүү жана калыптандыруу борбору;
- Балдарды кургак учуктан дарылоо оорууканасы;
- “Мээримдүүлүк” коомдук уюму.
Мындан тышкары депутаттар тарабынан майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, 2118 балага жаңы жылдык белектер тапшырылат.
Жалпысынан жаңы жылдык иш-чараларга район боюнча 4498 бала катышмакчы.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |