Шаардын санитардык абалын көзөмөлдөп туруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан санитардык рейддер өткөрүлүп турат.
Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө баш калаанын 11-кичи районунда жайгашкан “Жаныш” дүкөнүнүн айланасында санитардык талаптардын бузулуш фактылары аныкталды. Дүкөндүн айланасына курулуш жана кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйналып, антисанитардык абал түзүлгөн.
Рейддин жыйынтыгы менен дүкөндүн ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |