Баш калаада 17-декабрда саат 3-00дон баштап “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан жолдорду жана тротуарларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жолдорду тазалап, кум жана техникалык туз чачуу боюнча ишкананын 24 техникалык бирдиги, 3 жүктөөчү техника, 5 трактор иш алып барууда.
Таң эртеден баштап жолдорго 28 тонна техникалык туз, 318 тонна кум чачылды. Тазалоо иштеринде 530 жумушчу иштеп жатышат.
Жолдорду кардан тазалоо иштери улантылууда. Зарыл болгон учурда кошумча техникалык каражаттар ишке чыгат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |