Шаардын санитардык абалы боюнча Октябрь районунда өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө төмөнкү объекттерде санитардык-экологиялык ченемдердин бузулушуна жол берилгендиги катталды.
“Сааб Курулуш” Жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш компаниясы 12-кичи районундагы А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан карьерге курулуш таштандыларын, кургак тиричилик таштандыларын мыйзамсыз чыгарган фактысы катталды. Текшерүү жүргүзүлгөн учурда үч камаз таштандылар аталган карьерге чыгарылган.
Мындан тышкары, Б.Юнусалиев көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан Lounge Bar "Blosson" эс алуу борборунда, Б.Юнусалиев көчөсү, 135 дарегинде жайгашкан "Real" бильярд клубунда кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйналат. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен таштандыларды чыгаруу боюнча 2013-жылга келишим түзүлгөн эмес.
Рейддин жыйынтыгы менен СЭИ кызматы тарабынан КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык, аталган ишканалардын жетекчилеринин атына протоколдор түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |