Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 13-декабрына чейинки мезгилде Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чараларды көрүү “185” кызматына 204 арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн.
Анын ичинен катталганы – 94, аткарылганы –78, аткарылуудагысы – 16.
Шаар тургундары негизинен электрэнергиясы менен камсыздандыруу (57), шаардын санитардык абалы жана көрктөндүрүү (13) маселелери боюнча кайрылышкан.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |