Иш-чарага шаардын төрт районунан Аяз аталар жана Аяз кыздар катышат.
Жөө жүрүштү Бишкек шаарынын мэриясынын оркестри коштойт.Баардык музыканттар Санта-Клаустун кийимдерин кийишет. Колоннанын курамына шаардык мекеме-уюмдардын чыгармачыл жамааттары, жалпысынан улуттук кийимдерди кийишкен 150 адам кирет.
Иш-чаранын катышуучулары саат 9-30да “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында чогулушуп, саат 10-00до музыканын коштоосунда Чүй проспектиси менен Бишкек шаарынын мэриясын карай багыт алышат. Ал жерден белектерди алышып, саат 11-00до шаардын “Ала-Тоо” борбордук аянтына келишет.
“Ала-Тоо” аянтында кеңири программадагы концерт менен майрамдык иш-чаралар башталат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |