Akipress маалыматтык агенттигинин “Мен – репортермун” рубрикасында 12-декабрда жарыяланган маалымат боюнча “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси Владимир Шеховцев төмөнкүлөрдү билдирди:
“Турусбеков көчөсүндө оңдоо иштери бир багытта жүргүзүлүүдө. Аталган көчө менен Киев көчөсүнүн кесилишиндеги темир капкакча (люк), оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу 5-7 мүнөткө ачык калтырылган. Оңдоо иштери аткарылган соң, темир капкакча кайрадан жабылган.
Ал эми, Шевченко көчөсү, 55 дарегине насостук станция орнотулду”.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |