Аkipress маалымат агенттигинин “Мен – репортермун” рубрикасында 2013-жылдын 2-декабрында жарыяланган Осипенко көчөсү, 53 дарегинде курулган үйдүн курулушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти төмөнкүлөрдү билдирет:
Департаменттин кызматкерлери тарабынан курулуштун мыйзам чегинде жүргүзүлүшү изилденип, курулушту токтотуу боюнча 2013-жылдын 9-декабрдагы №002077-эскертүүсү курулуш ээсине 13-декабрда берилген.
Эскертүүдө белгиленген мыйзам бузуулар убагында жоюлбаса, Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан административдик чаралар колдонулат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |