Бүгүн, 9-декабрда баш калаанын Барпы Алыкулов көчөсүнүн темир жол өтмөгүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы ачылды.
Жолдун ачылыш аземине Бишкек шаарынын вице-мэри Т.Имашов катышты. Жолдун аталган бөлүгүнө бир катмарлуу асфальт төшөлдү.
Барпы Алыкулов көчөсүнүн темир жол өтмөгүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоонун долбоору “Агродолбоор” ЖЧК тарабынан иштелип чыккан. Жолдун реконструкциядан өткөрүлгөн бөлүгүнүн узундугу 1,4 км түзөт.
Долбоорго ылайык төмөнкү иш-чаралар аткарылды:
- Жолдун туурасын 14 метрден 16-18 метрге чейин кеңейтүү;
- Эски асфальтты алып, ордуна 15 см (10см+5см) калыңдыктагы эки катмарлуу асфальт төшөө;
- Жол жээгине тротуарларды жана сугат арыктарын куруу;
- Жол белгилерин орнотуу жана жол бетине белгилерди түшүрүү;
- Тышкы жарыктандыруу каражаттарын орнотуу ж.б.
Түркия кредити боюнча 2013-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тендер өткөрүлүп, «Мостдорстрой» и ARIKANINSAATTaah. Tic. VeSan.A. S. ЖЧКу жеңүүчү болуп табылган.
Бүгүнкү күндө жол куруу иштери толугу менен аяктап, жол кыймылы ачылды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |