Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэриясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана керектөө рынокторун өнүктүрүү бөлүмүнө 80 кайрылуулар жана арыздар келип түшкөн.
Кайрылуулардын жана арыздардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укутарын коргоо жөнүндө” мыйзамынына ылайык көрсөтүлгөн кемчиликтерди жана укук бузуу фактыларын жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 17 640 сом өлчөмүндөгү материалдык чыгымдардын орду толукталды.
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү тарабынан Бишкек шаары, Аламүдүн жана Сокулук райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик кызматынын аймактык башкармалыгы менен биргеликте пайдаланууга берилген тейлөө обЪекттерин текшерүүдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, баш калаада үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында калкты тейлөө тармагынын 5 обЪекти реконструкцияланып, пайдаланууга берилген.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |