Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки, Москва көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кыска туташуудан улам электр чубалгылары керектен чыкты.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы аталган тилкелерде оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Керектен чыккан электр чубалгыларынын узундугу 50 метрди түзөт.
“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмил Түлкиев, аталган көчөлөрдө 7-декабрь күнү тышкы жарыктандыруу калыбына келтирилет деп билдирди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |