ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарга тарифтер жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин  2015-жылдын 29-июнундагы  № 144 токтому

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынаылайык, 2013-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууну; 2013-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча ЕРӨБ уюштуруучуларынын атайын фондусунан чоң Инвестициялык грант берүү жөнүндө Гранттык макулдашууну; 2015-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Бишкек шаарынын мэриясы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасы, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору үчүн Европа бирлигинин Борбордук Азия боюнча Инвестициялык фондунун ("EUIFCA") Инвестициялык грантына карата Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыменен ратификацияланган Кредиттик макулдашуунун 5.01-бөлүмүнүн (б) пунктунун 11-пунктчасын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 1-январынан катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгарууга жана көмүүгө төмөнкү тарифтер бекитилсин:

Бишкек шаарынын калкы үчүн - айына бир адамдан 22,50 сом өлчөмүндө, анын ичинде 4,50 сом катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;

Бишкек шаарынын пенсионерлери үчүн - айына бир адамдан 6,0 сом;

Бишкек шаарынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн - 1,0 куб.м үчүн 225,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде 45,0 сом - катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө, кызматтарды керектөөчүлөр менен катуу тиричилик калдыктардын накта ташылып чыгарылган көлөмү үчүн эсептешүү жүргүзүлөт;

менчиктин формасына карабастан, өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн катуу тиричилик калдыктардын накта ташылып чыгарылган 1,0 куб.м үчүн 45,0 сом өлчөмүндө;

Бишкек шаарынын бюджеттик уюмдары жана мекемелери үчүн - 1,0 куб.м үчүн 225,0 сом өлчөмүндө, анын ичинде 45,0 сом - катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө.

2. Бишкек шаарынын мэри (К.К.Кулматов) Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен төмөнкү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн:

Бишкек шаарынын мэриясына катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу менен алектенген жеке компанияларды тартуу жана жеке компаниялар менен кредиттик каражаттарды жоюу механизмин иштеп чыгуу боюнча укуктарды берүү;

кредиттик макулдашууда көрсөтүлгөн чен боюнча милдеттенме үчүн комиссиясын төлөө мөөнөттөрүн узартуу;

катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү кызматтары үчүн тарифтерди төмөндөтүү;

үнөмдөлгөн кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануу жана аларды чыгымдардын башка статьясына багыттоо боюнча шаар үчүн керектүү товарларды жана жабдууларды сатып алууга тендерлерди өткөрүүдө Бишкек шаарынын мэриясына укуктарды берүү.

3. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте:

"Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү кредиттик жана гранттык каражаттарды натыйжасыз пайдаланууга жол бербөө максатында бир топ каатчылыкка каршы чараларды иштеп чыксын;

катуу тиричилик калдыктарды көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн түшүүчү акча каражаттар үчүн "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын өзүнчө эсеп-кысап эсебин ачсын жана бул кызматтарды төлөөгө дүмүрчөктүн өзүнчө эсебин түзсүн;

катуу тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу жана көмүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн Бишкек шаарынын калкынан жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен каражаттарды толук чогултууну камсыз кылсын;

катуу тиричилик калдыктарды сапаттуу, өз убагында ташып чыгарууну жана көмүүнү камсыз кылсын;

толук көлөмдө белгиленген мөөнөттө кредитти жоюуну камсыз кылсын.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-сентябрындагы № 95"Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгарууга жана көмүүгө тарифтер жөнүндө" жана 2009-жылдын 29- декабрындагы № 137 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-сентябрындагы № 95 "Бишкек шаарындагы катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгарууга жана зыянсыздандырууга тарифтер жөнүндө" токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомукүчүн жоготту деп табылсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына (П.Н.Десятников) жана Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу А.С.Омурбековага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

 

М.Аманкулов