ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Турак жак-коммуналдык чарба бөлүмүнүн милдеттери болуп турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, шаардык аймактарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу, экология, катуу тиричилик калдыктар менен иштөө, тышкы жарыктандырууну күтүү, чуңкурларды оңдоо, реконструкциялоо, курулуш, Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун оңдоо жана күтүү, шаардык көрүстөндөрдү күтүү жана калкты аза кызматтары менен тейлөө чөйрөсүндө мэриянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо эсептелет.
2. Бөлүмдүн иш-милдеттери төмөнкүлөр:
- шаардык чарбаны башкаруунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу;
- турак жай-коммуналдык, отун-энергетикалык комплексти жана  шаарды тышкы жарыктандырууну өркүндөтүү стратегиясын иштеп чыгуу;
- шаардык коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү, шаардык аймакты санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу, экология, катуу тиричилик калдыктар менен иштөөнүн иш-чараларын, программаларынын болжолун ишке ашыруу;
- шаар боюнча жогору турган мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тапшырмалардын контекстинде жалпы жана ишканалардын кирешелерин көбөйтүү бөлүк тармагында жоготууларды азайтууну, дебитордук бересени азайтууну контролдоо;
- шаарда энергетикалык коопсуздукту камсыздоону, шаарга энергияны үзгүлтүксүз берүүнү, ичүүчү суу, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыздоону контролдоо;
- тышкы жана ички инвестицияларды тартуу максатында, инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, бөлүмдүн компетенциясынын маселелери боюнча техникалык жана экономикалык кызматташтык жаатында эл аралык финансылык жана техникалык уюмдар жана алардын өкүлдөрү менен байланышты уюштуруу;
- жол, тротуар каптоолорун жана башка инфратүзүмдү учурдагы оңдоону контролдоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.