ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Уюштуруу бөлүмүнүн милдеттери жана иш-милдеттери

1. Уюштуруу бөлүмүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Бишкек шаарынын мэриясынын иш-аракеттеринин уюштуруучулук камсыздалышы.
2. Уюштуруу бөлүмү милдеттерди чечүү үчүн төмөнкү иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:
- Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү макулдашылган саясатын Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерине жеткирүү;
- Бишкек шаардык кеңештин аппараты менен өз ара байланышуу;
- мамлекеттик бийлик жана мамлекеттик башкаруу органдарына, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду, Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн иш-милдеттердин бөлүгүндө референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү  уюштурууга көмөк көрсөтүү, шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык жардам көрсөтүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринде уюштуруу иштерин координациялоо жана контролдоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын коллегияларынын отурумдарын даярдоо, Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы жөнүндө регламентке жана жобого ылайык отурумдардын протоколдорун түзүү, чыгаруу;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын иш пландарын жалпылоо, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- Бишкек шаарынын мэринин, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттер милдеттенмелер пландарын ишке ашырууну контролдоо жана жыйынтыктоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратындагы маалымат-телекоммуникациялык  тутумдун иштешин камсыздоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнү координациялоо жана көмөк көрсөтүү;
- Бишкек шаарынын мэринин пландык кеңешмесинин күн тартибинин долбоорлорун түзүү, Бишкек шаарынын мэри тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерди жана башка иш-чараларды камсыздоо;
- Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында ЖК жана уюштуруу техникаларын, локалдык тарамдар ишин тейлөө жана камсыздоо, эсептеп чыгаруу техникалары жана уюштуруу техникалары, атайын жана колдонмо программалык камсыздоо каражаттары, телекоммуникация жана маалымат коргоо каражаттары менен жабдуу боюнча сунуштарды түзүү жана киргизүү;
- Бишкек шаарынын мэриясынын актыларына ылайык башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.