Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн 2012-жылдын март айында “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу тажрыйбалык окууларды өткөрдү.
2012-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте Ленин, Октябрь, Свердлов, Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыктарынын жана милициянын кайгуул-күзөт полкунун иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча текшерүүлөрдү уюштуруп, усулдук жардамдарды көрсөттү. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт полкунда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын белгиледи.
2012-жылдын май айында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи май, Октябрь райондук Ички иштер башкармалыктарынын жана милициянын кайгуул-күзөт полкунун кызматкерлерине “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аттуу семинар-тренингдерди жана тажрыйбалык окууларды өткөрдү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
20.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |