2012-жылдын 20-апрелинде саат 11:00 убактысында мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн шаардык реабилитациялоо борборунда “Манас “ – урпактарга бүтпөгөн кенч, түгөнбөгөн казына, “Манас” –ыйык көркөм сөз өнөрү аттуу айлыгына карата салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Бул кечеде реабилитациялоо борбордун балдары Манас айтып, комуз ойноп, Кыргыз бийлери жана Манас эпосунан үзүндү театралдаштырып көрсөтүлдү. Андан тышкары борбордун эс алуу бөлмөсүндө, коридорго сүрөтчү-дизайнерлердин жардамы менен “Манас” эпосу боюнча “Ала-Тоону Манастай сүй, Ата-журтка Бакайдай күй”, “Кыргызстан менин мекеним” деген темада стенд- планшеттер бүткөрүлүп жана кыргыздын белгилүү акындары жөнүндө кеңири маалымат камтылгын стенд- планшеттер бүткөрүлүп көрсөтүлдү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |