Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан калаанын кѳчѳлѳрүнѳ мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын алуу иштерин жүргүзүүдѳ.
Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан Байтик Баатыр кѳчѳсү жана Ахунбаев кѳчѳсүнүн кесилишиндеги тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциясы алынды.
Калаанын тышкы кѳрүнүшүн жакшыртуу максатында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте аталган жарнама конструкциясын алуу иштерин жүргүзүштү.
Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынарын эскертет.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |