31-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган майрамдык иш-чара ѳткѳрүлдү.
Майрамдык иш-чарага калаанын реаблитациялык борборлорунан 800 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала чакырылды.
Балдар үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чыгармачылык жамааттардын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды.
Калаада Эл аралык балдарды коргоо күнүнѳ арналган иш-чаралар жалпысынан 25 миң баланы камтыйт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
07.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |