Ленин адмиминстрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы «Фламинго» паркында Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чара өткөрдү.
Район башчысы Нурдин Тынаев балдарды майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук, узун өмүр, жакшы маанай жана жайкы эс алуу күндөрүнүн көңүлдүү өтүшүн каалап өттү.
Иш-чарага томолой жетим, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, толук эмес жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 856 бала чакырылды.
Балдар чыгармачылык борбору жана Жаш техниктер станциясы тарабынан концерттик программа жана көргөзмөлөр уюштурулуп, балдар үчүн акысыз аттракциондор, мастер-класстар тартууланды. Ар бир бала үчүн сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүк менен түстүү кагаздан, жиптерден, кийизден көңүлдүү нерселерди жасоого шарттар түзүлдү.
Ошондой эле жаш спортчулардын катышуусунда спорт оюнндарынын көргөзмөсү ѳткѳрүлүп, эстафеталардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын аягында балдарга балмуздак жана таттуу белектер таратылды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
02.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |