Урматтуу шаар тургундары жана коноктор!
Сиздерди Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Улуу Жеӊиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Согуштун катаал жылдарында каардуу кыйынчылыктарды башынан кечирген, тынчтык жана бакубат келечек үчүн жанын аябаган баатыр жоокерлерге, каруусун казык кылып, мээнет төккөн тыл эмгекчилерине, ата-апаларыбызга терең ыраазычылык, сый урматыбызды билдиребиз.
Күчтүү эрктин, бекем кайраттын, мекенди коргоонун, эл журтту сүйүүнүн символу болгон биздин кадырман согуш ардагерлеринин аттары тарых барагында түбөлүккө өчпөс болуп жазылды.
Сиздерге бекем ден соолук, күч –кубат, бактылуу карылык, дөөлөттүү өмүр каалаймын.
Жеңиш майрамы кут болсун!
Урматтоо менен,
Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
07.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |