Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери “Кыргыз тилин үйрөнүү” окуу курстарынын аягында мамлекеттик тил боюнча сынактарды тапшырышты.
Мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча окуу курстары баштоочу топтор жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнүүчү топтор үчүн өткөрүлдү.
Окуу курстары Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
02.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |