Свердлов районун аймагында жайгашкан соода-базар комплекстеринде өрт кырсыктарын алдын-алуу жана болтурбоо максатында, Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында “Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө” буйругу кабыл алынган.
Түзүлгөн жумушчу комиссиянын курманы муницпалдык администрациянын, МАБтардын кызматкерлери, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын жана Мамлекеттик санитардык-экологиялык көзөмөлдөө жана өрт коопсуздугуна каршы борборунун өкүлдөрү киргизилген.
Аталган жумушчу комиссия тарабынан Свердлов районунун аймагында жайгашкан соода-базар комплекстеринде өрт коопсуздугун сактоо боюнча текшерүү иштери башталып, бүгүнкү күндө “ААЛАМ”, “АК ЭММИР”, “Мегакомфорт”, “Үйгө жарашык” соода базарларында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында аталган соода базарларынын ээлерине, кетирилген кемчиликтерди 10 күндүн ичинде жоюу тууралуу АКТ-кабарлама берилди.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара бир ай бою жүргүзүлөт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |