Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, муниципалдык жерге мыйзамсыз жарнама конструкцияларын орнотууга жол бербөө жана алдын алуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 65 бирдик жарнама объектиси алынды.
Мыйзамсыз жарнамаларды алуу менен унаа токтотуу жайларынын орундары тосмолордон бошотулду.
Алуу иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлдү:
- Горький көчөсү Б.Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
- Панфилов көчөсү Горький көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
- Токтогул көчөсү Панфилов көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин;
-Исанов көчөсү Токтогул көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
-Москва көчөсү Исанов көчөсүнөн Раззаков көчөсүнө чейин;
-Раззаков көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин.
Шаардык кызматтарга шаар тургундарынан мыйзамсыз коюлган жарнама такталары өтүүчү жолдордо тоскоолдуктарды жаратып, шаардын көрүнүшүн бузуп жаткандыгы боюнча кайрылуулар көп келип түшүүдө.
Бул багыттагы иштер башка көчөлөрдө дагы улантылат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
07.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |