ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын жыйын залында район башчысы Ренат Айтымбетовдун, ИИБнын башчысынын жана аймактык инспекторлордун  катышуусунда кварталдык жана үй комитеттеринин, турак-жай ээлеринин шериктештиктеринин жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, аймактык тескөөчүлөрдүн иштери, жол кыймылынын коопсуздугу, баш аламан соода сатык, паспортторду текшерүү, туруктуу үй-жайсыз адамдар  жана башка суроолор көтөрүлүп, жооптор берилди.


Иш-чаранын жыйынтыгында район активдери укук бузуу көйгөйлөрүн четтеттүүдө аймактык инспекторлор менен тыгыз иш алып баруу чечими чыгарылды.

Жаңылыктар