«Шаардык муз тебүү» спорттук-оюн-зоок комплексинде Октябрь райондук администрациясынын башчысынын кубогуна балдар арасында хоккей боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов балдардын машыктыруучуларына жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Мелдеш 2018-жылдын 3 жана 4-мартында өткөрүлүп, Бишкек жана Нарын шаарларынын командалары катышты.
Спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча 1-орунду шаардын «Бишкек» командасы, 2-орунду Нарын шаарынын «Нарын бүркүттөрү» командасы жана 3-орунду Нарын шаарынын «Кеӊеш учкучтары» командасы багындырды.
Катышуучуларды сыйлоо аземине Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты Эльмир Досалиев катышты.
Аталган спорттук иш-чара спорттун кышкы түрлөрү жайылтуу жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында өттү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |