Свердлов райондук администрациясынын башчысы бардык айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында айымдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.
Аталган иш-чарада муниципалдык администрациянын башчысы С.Болотбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Мийзамидин Калыков, Адиса Имангазиева, Сайдахмат Исмаиловдор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Салтанаттуу иш-чарага райондук социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган Баткен жана Апрель окуяларына, Чернобыль апаатына катышып курман болгондордун энелери жана жубайлары, ИИМдин жана коргоо министрлигинин курман болгон кызматкерлеринин жубайлары, баатыр энелер, көп балалуу энелер жана аз камсыз болгон пенсионерлер, баардыгы 800 айым чакырылды.
Чакырылган коноктор үчүн кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусу менен концерт уюштурулуп, баалуу белектер тапшырылды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |