Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү менен биргеликте квартал жана үй комитеттери үчүн окуу-семинарын өткөрдү.
Аталган окуу-семинар МАБдын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу максатында жана үй комитеттеринин ыйгарым укуктарынын 2 жылдык мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу уюштурулду.
Окуу-семинардын жүрүшүндө квартал, үй комитеттер жана ТЖЭШтер арасында отчеттук - кайра шайлоо жыйындарын укуктук-ченемдик актылардын негизинде өткөрүүнүн тартиби талкууланды.
Мындан тышкары, муниципалдык администрациянын жана МАБ кызматкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп, слайд көрсөтүү менен зарыл болгон иш материалдар (үлгү документтер), укуктук-ченемдик актылар таратылды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |