Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 2 –мартынан 30- сентябрына чейин Түгөлбай-Ата көчөсүндө оӊдоо иштери жүргүзүлөт.
Оӊдоо жана калыбына келтирүү иштери Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө өткөрүлүп, аталган бөлүк унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |