Бишкек шаарынын № 78 мектеп-гимназиясында шаардын физика жана математика мугалимдери үчүн «Сабактан алган теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу» деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө физика сабагынын мугалими Гулькайыр Осмоналиева окуучуларды группага бөлүп, ар бир группаны керектүү физикалык куралдар менен камсыз кылып, окуучуларга схема чийүү, схема боюнча чынжырды чогултуу жана электр тогунун ар кандай аракеттерине карата тапшырмаларды көрсөтүп берди.
Ал эми математика мугалимдери Гүлкайыр Татыбекова, Калбүбү Турсункулова, Сайрагүл Коргонбаева интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен ар кандай формадагы ачык сабактарды өтүштү.
Семинардын аягында окуучулардын «Менин кыялымдагы шаар» долбоордук иштерин жактоо, долбоор менен тааныштыруу болду.
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Урумкан Тешебаева физика сабагынан алынган билим сапатын аныктоочу текшерүү ишинин жыйынтыгы боюнча отчет-анализ берди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |