Улуттук тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” башкармалыгынын жаңы имаратында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий тилдүү жетекчилери жана кызматчылары, мектепке чейинки жана билим берүү уюмдарынын расмий тилдүү жетекчилери “Кыргызтест” боюнча баамдоо тестирлөөсүн тапшырышты.
Тестирлөөгө Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Кыргыз тилин үйрөнүү” окуу курстарына катышкан расмий тилдүү кызматкерлер, жетекчилер катышышты.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
29.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |