ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1972-жылдын 22-октябрында төрөлгөн. 

Билими:

Кыргыз мамлекеттик университети. Адистиги: эл аралык экономикалык мамилелер. Экономист.


 

 

 

Иш тажрыйбасы:
1997-жылдын март – августу - "Бишкек" ЭЭЗсы, экономикалык контролдоо кызматы, адис;
1997-жылдын августу – 1998-жылдын августу - Мамлекеттик финансы инспекциясы, инспектор;
1999-жылдын марты – 2001-жылдын марты - КРнын Мамлекеттик мүлк фонду, башкы адис;
2001-жылдын марты – 2002 -жылдын марты - "Кыргызгаз" АК, суюктукка айландырылган газды жеткирүү жана сатуу боюнча башкармалыктын начальниги;
2002-жылдын марты – 2008-жылдын майы - КРнын Эсептөө палатасы, башкы инспектор;
2008-жылдын майы – 2010-жылдын майы - "Кыргызнефтегаз" ААК, финансылык-экономикалык маселелер боюнча башкы директордун орун басары, башкаруунун мүчөсү;
2012-жылдын марты – 2012-жылдын сентябры - КРнын Жогорку Кеӊеши, Архитектура, курулуш, транспорт жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин бөлүм башчысы;
2014-2016-жылдардын апрели - «Интек» ЖЧКнын башкы директору;
2016-жылдын 17-майында Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимовдун буйругу менен Муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган;  
2016-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен Муниципалдык менчик башкармалыгы эки мекемеге - Жер ресурстар башкармалыгына жана Муниципалдык мүлк башкармалыгына бөлүнгөн. Ушуга байланыштуу Жер ресурстар башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган;
2017-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимовдун буйругу менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Биринчи вице-мэр:

Жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн аткаруу саясатынын, мониторинг жана баалоонун чараларын аткарууну контролдойт.

 

Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын жана стратегияларын иштеп чыгууну уюштурат, алардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

 

Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруу боюнча ишти контролдойт.

 

Финансы, салыктар жана жыйымдар, анын ичинде статистика, талдоо, болжолдоо, салыктык саясатты түзүү, салыктык эмес кирешелер, Бишкек шаарынын мэриясынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин финансылык отчёттуулугу, чыгаша бөлүгүнүн натыйжалуулугун талдоо, ишкердикти колдоо (саясат чараларынын мониторинги, ЖТТ, КОБ колдоо саясатынын чараларын иштеп чыгуу), туризмди өнүктүрүү, шаардын бюджеттик долбоорун даярдоо, муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу, өнүктүрүү фонду, камсыздандыруу төгүмдөрү, өнөр жай, ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, калктын миграциясы жана жумуштуулугу, соода, кызматтар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, микронасыялоо, эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар, ички аудит, ченемдик укуктук актыларды жөндөө таасирин талдоо маселелерин координациялайт жана жүргүзөт.

 

Бишкек шаарынын мэри тарабынан жетектелип жаткан өз багыттары боюнча аныталган социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана финансылык-экономикалык саясаттын жалпы шаардык жана максаттуу программаларын ишке ашыруу боюнча администрациялык райондордун жана шаардык кызматтардын иш-аракеттерин контролдойт.

 

Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаардык кеӊештин ортосундагы тыгыз өз ара байланышты уюштурат жана жүзөгө ашырат, фискалдык органдар менен өз ара аркеттенүүнү жүзөгө ашырат.

 

Өз компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча экономикалык мамилелер жана инвестицияларды тартуу боюнча тармактык комиссиялардын жана эл аралык комиссиялардын ишин жетектейт, иш кеӊешмелерин өткөрөт.

 

Бишкек шаарынын мэри жок учурда анын милдеттерин аткарат.

 

Бишкек шаарынын Октябрь администрациялык районунун ишин жетектейт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бардык жетекчилерин чакырууга, аларга тапшырма берүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.