Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Жибек Жолу проспектиси жана Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган объектини алдырды.
Буга чейин башкармалык тарабынан аталган объектинин тиешелүү уруксат документтерин көрсөтүү боюнча эскертүү берилген. Жеӊилдетилген типтеги объектинин уруксат документтеринин жоктугуна байланыштуу башкармалыктын кызматкерлери тарабынан аныкталган бузууларды четтеттүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объектилердин ээси тарабынан үч күркө өз ыктыяры менен алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |