Завод айылындагы жеке үйлөрдү суу каптап кетпөөсү үчүн ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгы Биринчи май райондук администрациясы жана “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Ала-Арча” суусун муз тыгындарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Тазалоо иштерине 67 адам, 7 атайын техника 2 помпа тартылып, узундугу 40погондук метр жээгин бекемдөө үчүн 6 унаа кум алынып келинди, ошондой эле суунун агып кетүүсү үчүн 150 погондук метр жер тазаланды.
Азыркы учурда Малдыбаев көчөсүндөгү суунун бир бөлүгүндө муз тыгындарын тазалоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана үзгүтүктсүз 25 адам, 6 атайын техника иштөөдө.
Буга чейин тазалоо иштери Рыскулов көчөсүндө жүргүзүлдү. Аталган бөлүктө муз толуп, каптоо катталган. Сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн коопсуздугу үчүн жээктерди бекемдөө үчүн дамба орнотулуп, кум салынган каптар менен бекемделди.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тиешелүү кызматтарга “Ала-Арча” жана “Аламүдүн” сууларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, муз тыгындарын тазалоону улантууну тапшырды.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
06.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |