Ыкчам маалыматка ылайык, Бишкекте коомдук транспорт ишин жөнгө салууга мүмкүн болду.
29-январь саат 8:00гө карата каттамга 93 троллейбус же 89%, 1700 кичи автобус же 89% жана 53 автобус же 42% транспорт чыккан.
Суук аба ырайына байланыштуу коомдук транспорт калаада түнкү саат 23:00гө чейин иштейт.
Урматтуу шаар тургундары! Коомдук транспортко байланышкан маселелер боюнча төмөнкү телефонорго WhatsApp тиркемеси аркылуу кайрылууга болот:
- 0555 93-31-91 – Бишкек троллейбус башкармалыгы;
- 0704 30-56-56 – “Бишкек жүргүнчүлүк автоунаа ишканасы” МИ;
- 0703 77-78-89 – Шаардык транспорт башкармалыгы.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
03.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |