Массалык маалымат каражааттарында шаардын кайсы бир көчөсүндө видеокөзөмөл камерасын орнотуу үчүн ай сайын 25 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөмдү чогултуу жөнүндө жарыя илингендиги тууралуу маалымат чыккан.
Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясы «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында эч кандай акча чогултуулар каралбагандыгын жана жүргүзүлбөгөндүгүн билдирет.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
16.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |