Бишкек шаарынын № 68 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясында физика, математика жана информатика сабактарынан «Инновациялык технологияларды жайылтуу окуучулардын интеллектуалдык шыктарын өнүктүрүүнүн бирден бир жолу” аталышта семинар өткөрүлдү.
Семинарда мектептин математика, физика жана информатика сабактарынын мугалимдери жаӊы инновациялык ыкмалар менен ар кандай темадагы ачык сабактар өтүштү. Ошондой эле, информатика сабагынын мугалими Муканбетова Г.Б. жаӊы «Socrative” программасы менен окуучулар арасында кандай иштеп жаткандыгын мугалимдерге тааныштырды.
Аталган семинарда окуучулар жаӊы программанын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жана кызыккан суроолоруна жоопторду алышып, өз пикирлерин билдиришти.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
16.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |