Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 14-15-декабрларында Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмөрүндө эмгектенген мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттер жүктөлгөн адистер үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча “Лингвистикалык экспертизанын негиздери” аттуу окуу семинарлары өткөрүлдү.
Бул окуу семинарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ №119 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 жана 2016-жылдын 15-ноябрындагы №581 токтомдорун аткаруу жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулду.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
16.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |