«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 14-декабрда саат 9:00дон 20:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.
Чүй проспектиси боюнча Д=300 мм суу топтомундагы оӊдоо иштерине байланыштуу Достоевский-Фрунзе-Лермонтов-Чүй көчөлөрү чектешкен жерлеринде, анын ичинде "Кыргызэнергострой" ААКда, Лермонтов көчөсү боюнча "Народный" СБда, «Бишкекжылуулуктүйүнү» АКда таза суу берүү токтотулат.
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
16.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |