«Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинде Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи сезонунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, Дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, шаардык мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышышты.
Калаа башчсы Албек Ибраимов мектеп лигасынын ачылышы менен куттуктап, спорттук иш-чараны ачык деп жарыялады. Ошондой эле бардык катышуучуларга чоӊ ийгиликтерди каалады.
Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы мектеп лигасынын биринчи сезонунун жеӊүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.
Мелдеш спорттун 15 түрү боюнча 2018-жылдын май айына чейин өткөрүлөт. Райондор аралык жана мектептер этабы 25-декабрга чейин улантылат. Ал эми экинчи шаардык этабы кийинки жылдын январь айында башталат.
Белгилей кетсек, биринчи сезондун жеӊүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышып, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Мектеп лигасы окуучулар арасында спортту өнүктүрүү, окуучуларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлүүдө.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |