Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде калаа башчысы Албек Ибраимовдун катышуусунда стационардык мекеменин төшөктө жаткан карылары үчүн «Мээрим» бөлүмүнүн ачылышы болуп өттү.
2016-жылы Биринчи май райондук администрациясынын колдоосу менен жана тартылган каражатка карылар үчүн үй-интернатынын дубалы оӊдолуп, пандустар орнотулду, экинчи кабаттагы бардык бөлмөлөрү, биринчи кабаттын жана административдик бөлүмдүн кире бериштери оӊдолду. Оӊдоо иштерине 400 миӊ сом коротулду.
Азыркы учурда Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде 211 адам жашайт, анын ичинен 62 1,2,3 –топтогу майып, 38 төшөктө жаткан адам. Төшөктө жаткандардын бөлмөлөрү керектүү талаптарга жооп бербей калган. Буга байланыштуу мурдагы буюмдарды сактоочу имаратка реконструкция жүргүзүлүп, жаӊы бөлүм ачылды.
«Мээрим» бөлүмү 22 орунга ылайыкташтырылып, оӊдоо иштери толугу менен жыйынтыкталды. Имарат толугу менен капиталдык оӊдоодон өткөрүлүп, бардык жабдуулар менен жабдылды.
Бөлүмдү ачуу иш-чарасына оӊдоо иштерине көмөк көрсөткөн демөөрчүлөр, Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, КР Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Маалымат: Аталган мекеме 1961-жылдан бери туруктуу негизде иштеп жана улгайган адамдар үчүн жардамдарды көрсөтүп келет. Ошондой эле райондук бюджеттен жылына 24 млн. 584 миӊ сом каражат бөлүнөт. Азыркы учурда азык-түлүктөр жана дары-дармектер үчүн райондук бюджеттен 4 млн. 235 миӊ сом бөлүндү.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |