15-апрелде Гареев атындагы ботаникалык багында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлдү.
Ишембилик Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун, КР ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, Бишкек шаарынын вице-мэрлеринин, Президентин аппарат жетекчиси Сапар Исаковдун, ошондой эле президенттин, жогорку кеӊештин жана шаардык муниципалитеттин аппараттарынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Ишембиликтер шаардык муниципалитеттин 2017-жылдын 13-мартындагы №50-б буйругунун негизинде, шаардык аймактын санитардык абалын, көрктөнүүсүн жана жашылдануусун, ошондой эле ирригациялык тармагын жакшыртуу, уюмдарды жана мекемелерди, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди, ошондой эле көп батирлүү жана менчик турак үйлөрдө жашаган тургундарды тийиштүү иш-чараларга тартуу максатында жарыяланды.
Калаанын ирригациялык тутумуна, ошондой эле сейил бактарына өзгөчө көӊүл бурулат. Ишембиликтер өткөрүлүүчү жерлер райондук администрациялар тарабынан аныкталат.
Урматтуу шаар тургундары! Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.
Шаар тургундарынын кайрылууларын жана арыздарын ыкчам кабыл алуу үчүн шаардык муниципалитетте бир нече кабыл алуу каналдары: Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору, WhatsApp колдонмосу, мэриянын коомдук кабылдамасы, шаардык кызматтардын диспетчердик жана түз байланыштары, жекетчиликтин жеке кабылдамалары иштейт.
19.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |